"Музаман" тобунун ырчысы Аксай эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды
"Музаман" тобунун ырчысы Аксай Муканбет уулу Казань шаарында өткөн "Факел" эл аралык сынагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган топтун менеджери Нургиза Айткулова маалымдады.
"Аксай 3 күнгө созулган сынакта эстрада вокалы боюнча ат салышып, биринчи орунду камсыздады. Бул эл аралык сынактан 1-2-орунду камсыздагандар Сочи шаарында өтө турган сынакка катышуу үчүн жолдомого ээ болушту. Ошондой эле жеңүүчүлөргө ар кандай байгелер тартууланды", - дейт ал.
Маданий иш-чара 2 жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Ал эми Сочиде өтө турган "Факел" сынагы 2019-жылдын май айында болот.
Белгилей кетсек, Казань шаарындагы эл аралык сынакка скрипканын чебери, музыкант Нурайым Азыкбаева менен комузчу Назбек Кенчинбаев катышып, аспаптык жанр боюнча 1-орунду алган.
4
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















