super.kg logo
  Спорт  

"Барселонанын" вице-президенти: "Неймарды кайтаруу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес"

 

Чет элдик маалымат булактарында "Франциянын "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар "Барселонага" кайтышы мүмкүн" деген маалымат тараган. Бул маалымат тууралуу "Барселонанын" вице-президенти Жорди Кардонердин пикирин испаниялык басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вице-президент Неймарды клубга кайтаруу каралбаганын, ал тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экенин билдирди.

"Айтылган маалыматтардын баары жалган. Клубда Неймарды кайтаруу тууралуу сөз болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Бул эчак эле жабылган маселе. Неймар өз жолун тандаган, ал кайрадан "Барселонанын" футболкасын киет деген сөз - акылсыздык", - деди Жорди Кардонер.

Бразилиялык футболчу Неймар 2013-жылы "Барселонанын" катарына кошулган. 2017-жылдын жай айларында 222 миллион еврого аны "ПСЖ" клубу сатып алган. Футбол жылдызынын париждик клуб менен түзгөн келишими 2022-жылга чейин жарактуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Неймар Барселонога кайра келсе жакшы болмок
20.10.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Неймардын кереги деле жок Барсага
21.10.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай болмок, ал Месси менен бир командада топ теппейт. ПСЖ га кеткен, ошол жакта оокатын кыла берсин. Ал озун ЧМда корсотту го тузук эле... )))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: