super.kg logo
  Саясат  

КСДП: "Икрамжан Илмиянов шоу менен кармалды"

 

"Икрамжан Илмияновдун шоу менен кармалганы түшүнүксүз болууда", - деп SUPER.KG порталына КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева комментарий берди.

Анын айтымында, Илмияновдун эч кимден качпаганы жана жашырынып жүрбөгөнү бардыгына эле белгилүү болуп турат. "Анын Казанда жүргөндүгү боюнча маалыматтар массалык маалымат каражаттарында мурдатан эле чыгарылып жүргөн. Тергөө иши саясий жактан боёктолбош керек. Калыс жана адилеттүү, ошону менен катар кайсы бир күчтөн көз карандысыз тергелиши керек", - деди Жолдубаева.

Мындан тышкары ал бүгүн Икрамжан Илмияновдун жубайына байланышып, маалымат алганын баса белгиледи. "Жубайынын айтымында, алардын үйүнө анын жолдошуна байланыштуу эч кандай тергөөгө чакыруу кагазы келген эмес жана телефон чалуу да болгон эмес", - деп кошумчалады КСДПнын өкүлү.

Айта кетсек, бүгүн Икрамжан Илмияновдун кармалганын SUPER.KG'ге УКМКдан ырасташкан.

Буга чейин Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: