super.kg logo

Австралияда "рак илдетине кабылдым" деп алдап, 55 миң доллар чогулткан кыз сот жообуна тартылат

 

Австралияда рак илдетине кабылдым деп 55 миң доллар чогулткан кыз сот жообуна тартылат. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Австралиянын Квинсленд штатынын тургуну 27 жаштагы Люси Виланд өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына рак илдетине кабылганын жана бир жылга жакын гана өмүрү калганын жазган. Муну менен кошо ал чачын кырып, оорулуу адамга окшоп түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Люсинин бул сүрөтүнө көпчүлүк колдонуучулар ишенип, ага кайрымдуулук катары каражаттарды жиберип башташкан. Жыйынтыгында чогулган акчанын саны 55 миң АКШ долларын түзгөн.

Колдонуучулардын бири Люсинин оорулуу экендигинен шек санап, чын-бышыгын билиш үчүн полицияга арыз менен кайрылган. Полициянын иликтөө иштеринин негизинде анын эч кандай оорулуу эмес экени аныкталган.

Мунун негизинде полиция Люси Виландга карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Соттун чечими 14-декабрда чыгары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.10.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизнестин бир туру
21.10.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми чындап ооруйт экенсинда,тооба кылса болмок!!!
21.10.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буда кайдагы тообо?! Эми точно рак болот да жоопко тартылып. Акча табуунун оной жолу экен да капырлардын.
21.10.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайдан коркпогон
22.10.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети мучоон соо болгондон кийин Тоба кылдым деп журсого ушундай адамдар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: