Бишкек-Ош жолунда депутат туугандары менен жол кырсыгына кабылып, апасы каза болду

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Нодирбек Каримов туугандары менен жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эл өкүлүнүн жардамчысы билдирди.
Анын айтымында, кырсыктан улам депутаттын жанында болгон апасы каза болду. Каримовдун өзүнүн абалы жакшы. Ал апасынын сөөгүн Ошко алып кетти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык Бишкек-Ош жолунун Чүй облусундагы бөлүгүндө орун алды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нодирбек Каримовдун, анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
1

Өзүн биринчи жолу угуп биринчи жолу көрүшүм.