super.kg logo

"Унаалар күнөөлүү". Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу жай жүрүп жаткандыгынын себеби айтылды

 

"Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулушу 2021-жылга чейин пландалган. Эгер жолду куруу иштери ушундай темп менен жүргүзүлсө, анда 2021-жылга чейин да бүтпөйт" деп бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов айтты.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары унаалардын көптүгү курулуш иштерине тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

"Эң башкы тоскоолдук - бул жолдон өткөн унаалар. Аталган жолдон суткасына 28 миңге чейин унаа өтүп, жол тыгыны пайда болуп курулуш иштерине тоскоолдук жаралууда. Дагы бир себеби - жолдун эки четиндеги турак жайлардын ээлеринен доомат түшкөн. Мындан улам өткөн жылдын сентябрь айынан ушул жылдын май айына чейин жол куруу убактылуу токтотулган. Азыр план боюнча иштер жасалып жатат. Жол 2021-жылы бүтөт", - деп убадалады министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.10.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан эмне силерди жол салып атат деп элдер иштебей койсунбу? Аларды жол буткучо 2021- жылга чейин силер багасынарбы? Алар дагы жан багыштын айласын кылып журушот да ары бери каттап кор оокаттын айынан. Азыр жондон жон эле унаа тыгынын пайда кылып журо бергидей заман эмес баарын кымбаттаттынар айла жок жан багыш керек. Унаасы жок жеткидей же жакын жер болбосо, же кыйраткан маршрутка автобустар каттабаса журот да анан унаасы менен силердин чала салынган жолунарды карап отурабы тиргиликтен калып.
22.10.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоскоол болбойле бир тарабын жаап коюп кенири иштеп атпайсынарбы, анан кандай тоскоол болот, оздоруле ото жай иштеп атышат, ушул маселени урматтуу журналисттер силер которуп чыгып бир козомолго алып репортаж даярдап койгулачы, мисалы жолдун пост гаиден гавриловка айылына чейинки аймактын бир тарабын бутуруп ачышты, бирок жол ото сапатсыз курулган, туз эмес, смаласы аз берилген, кыскасы ото сапатсыз курулуп жатат, канчалаган каражат кетип атат, жыйынтыгы начар, баягыла коррупция.
22.10.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогору жактагыларга ишениш жок, транспорт министрлиги болсо кокосунан коррупцияга малынгандар, карызга алынып курулуп аткандан кийин сол чонтоко шимирбей жакшы кылышпайбы, олкодогу негизги жолдордун бири, кунуго канча миндеген машина отот ал жактан, кайра бат эле талкаланат, ошончо каражат кеткенден кийин сапаттуу кылып курушсунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: