super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Лейлекте эшектер боюнча териштирүү жүргөнгө чейин бир түндө аларды жок кылып кетишиптир" дейт айыл өкмөт башчы

 

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылында эшек багуучулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкканын SUPER.KG порталына окурман кабарлаган эле. Окуя боюнча териштирүү жүргүзүлмөк. Бирок эшектер мурунку кармалган жеринен белгисиз тарапка чыгарылып кетти. Бул тууралуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев билдирди.

Белгилүү болгондой, эшектер айыл четиндеги эски күнөсканадан калган чуңкурларга камалып турган. "Ал жерге бир аксакал койлорун камап жүргөн. Темир алып-сатуу менен алектенген балдар Тажикстан менен сүйлөшүп эшектерди 1-2 күнгө камап турушкан окшойт. Эртең менен саат 8:40тарда эч нерсе жок болчу. Түнү менен алып кетишкен окшойт. Койлорун камап жүргөн аксакал "эшектерди бул жакка камаганга ким уруксат бергенин билбейм" дейт. Эшек камаган окуя боюнча бүгүн териштирүү жүргүзүлмөк. Бирок ага чейин эшектердин бири да калбай толугу менен жок болду. Тийиштүү уруксаты болгондо турмак. 1-2 күндүн ичинде уюшулган болушу мүмкүн. Айыл өкмөткө караган айылдарда эшектин саны анча чыкпайт. Короодо 20-30 эле эшек болгонун айтышты тургундар", - дейт Саатбек Эгембердиев.






Лейлекте эшектерди бир түндө алып чыгып кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.10.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койчу эми, айыл окмот да окшоштурат экен да.
22.10.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир болсо бул иш Саатбек акенин өзүнө тиешелүү болушу мүмкүн
22.10.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окшойт окшойт деп эле элди алдап кобпсунар. Эшкалар сатылган эшектер да ээси алып кетиптир дебейсинерби ой ошону саткан адам акыры ошо жерде жургондур жоопко тарткыла аныгын билгиле да окшойт деп 2-кл баласындай болбой. Окшойт деп эле калып калсанар анда силердин да мээнер эшектин мээси окшойт....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: