super.kg logo

Биринчи Май райондук сотунун имаратында суу түтүгү жарылып, жазык иштери боюнча соттук отурумдар 23-октябрга жылдырылды

 

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратында бүгүн саат 12:30дар чамасында суу түтүгү жарылып кетти. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады. Белгилүү болгондой жылуулуктун берилиши суу түтүгүнүн жарылышына алып келген.

"Суу райондук соттун биринчи жана экинчи кабатын каптап, архивге дагы кирген. Буга байланыштуу жазык иштери боюнча соттук отурумдар эртеңки, 23-октябрга жылдырылган. Ал эми айыпталуучуларды тергөө абагына алып кетишкен. Жарандык иштер боюнча соттук отурумдар болду. Ички мекеме болгондуктан сот департаментинин техникалык көзөмөл боюнча кызматкерлери келип оңдоп, кызматкерлер сууну тазалашты. Эртең бардык соттук отурумдар өтөт", - деп билдирет Жогорку Соттун басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.10.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотторго сонун шылтоо болуптур да, ансыз деле созо беришет. Без никаких причин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: