super.kg logo

Австралиянын өкмөт башчысы сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгондордон кечирим сурады

 

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон сексуалдык зомбулукка кабылгандардын алдында расмий түрдө кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, Канберра шаарына өкмөт башчынын парламентке карата жасаган эмоциялуу кайрылуусун угуу үчүн жүздөгөн адамдар келген. Мындай кайрылуу беш жылга созулган иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 10 жылдай убакыт аралыгында өлкөдөгү уюмдарда жана мекемелерде он миңдеген бала сексуалдык зомбулукка кабылгандыгы аныкталгандан кийин жасалган.

"Бүгүн биз балдарыбыздын буга чейин угулбай жаткан добуштарын уга алабыз жана алардын көйгөйүн моюнга алабыз. Биз сексуалдык зомбулукка кабылган балдардын алдында башыбызды ийип, алардын кечиришин сурайбыз", - деген ал өзүнүн кайрылуусунда.

Премьер-министрдин сөзүн угууга келгендер көздөрүнө жаш алышканМаалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрь айына чейин жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө сексуалдык зомбулукка кабылган 8 миңден ашык адамдан көрсөтмө алынган. Алар ар кайсы мекемелерде мындай жагымсыз кырдаалга туш болгонун, анын ичинде чиркөө, мектеп, спорттук клубдар да бар экенин айтышкан.

"Эмнеге балдардын, алардын ата-энелеринин мындай кайрылууларын көз жаздымда калтыргансыңар? Эмнеге биздин соттор мыйзамсыз иштерге көз жумган? Эмнеге сексуалдык зомбулукка каршы иш-аракеттерди баштоого ушунча көп убакыт талап кылынды?" - деген Моррисон эмоциялуу сөзүндө.

Ал эми оппозиция лидери Билл Шортен парламентке кайрылып: "Оңдогонго мүмкүн болбогон зыяндуу нерселер бар. Бирок бүгүн Австралия ал нерселерди кечирип коюуну суранып жатат", - деген.

Сексуалдык зомбулукка кабылгандар үчүн жасалган бул айкел парламенттин имаратынын алдына орнотулганПремьер-министрдин жана оппозиция лидеринин сөзүнөн кийин парламентте эскерүү мүнөтү жарыяланган. Сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгондордун бири маалымат булактарына интервью берип жатып: "Мени премьер-министрдин кечирим сурагандыгы аябай колдогондой болду. Биз күткөн нерсебизди уга алдык", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: