super.kg logo

Алайда уксус ичип каза болгон аялдын эмне себептен бул кадамга барганы иликтенүүдө

 

Алай районунда уксус ичип өз жанын кыйган 5 балалуу эненин өлүмүнүн болжолдуу себептери айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, маркумдун улуу баласы 22 жашта болсо, кичүүсү 14 жаштагы мектеп окуучусу.

"Каза болгон аялдын жолдошу суракка алынган. Ал жубайынын биринчи күйөөсүнөн 1 уулу бар экендигин айтып жатат. Айтымында, каза болгон аялдын биринчи турмушундагы уулунун үйлөнүү тоюна азыркы жолдошу барбай койгон. Ушул окуя аялдын уксус ичүүсүнө түрткү болушу мүмкүн деген божомолдор бар", - деди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 17-октябрда Алай районундагы Будалык айылынын 1974-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну өз үйүндө уксус ичип алган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок көп өтпөй каза болуп калган. Анын артында 5 баласы жана жолдошу калган. Кийинчерээк маркум оор шартта жашаганы, турмуш-тиричилиги начар болгону айтылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.10.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулунун озунун атасы тойго келсе ,баккан атасы кызганычтан барбай койгон окшойт.
22.10.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баягы эле эмне дейт? ушул нерсеге турткон окшойт. Урматтуу мусулман бир туугандар кыска ойлуулука барбайлы. Азыр замандын агымы ушундай баардык уйдо бар биринчи куйоодон(аялдан)бир бала деген же эжесиники же агасыныкы ушундай. Сабырдуу болгулачы айланайындар
23.10.2018. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Барбаса койсун жакшына тыйын тыпырын берип ушул олгон аялды жакшына ле жиберип койбоптур байкуш эже уулум уйлонсо жок дегенде жакшына койнок кийип барайын деди да. Келип келип кайышы чыгып наркы сорой акча бербей койгон да. Жакшына койноко пул берсе эле мындай иш болмок эмес тоюна ал эжеден акча деле талап этпесе керек ал бала оз атасында осуп уйлонуп жаткан болсо эгер....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: