Пакистанда эки автобус сүзүшүп, 19 адам көз жумду
Пакистандын Пенжаб провинциясында эки автобус сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 19 киши көз жумуп, 35 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 21-октябрда Лахор провинциясындагы көпүрөдө болгон. Сүзүшкөн учурда эки автобус тең катуу ылдамдыкта баратканы жана 2 автобуста жалпы 70 жүргүнчү болгону аныкталган.
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, кырсыктын себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.