super.kg logo

Белгилүү жазуучу Эрнест Хемингуэйдин мурда жарык көрбөгөн 2 чыгармасы окурмандарга тартууланат

 

Белгилүү жазуучу Эрнест Хемингуэйдин мурда басылып чыкпаган 2 чыгармасы 2019-жылы жарык көрөт. Бул тууралуу жазуучунун эмгектерине ээлик кылган Майкл Катакис билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Белгилүү болгондой, басылмага жазуучу 1950-жылдары жазган "Монумент" жана "Индеецтер өлкөсү жана актардын армиясы" аттуу чыгармалары берилет.

Аталган чыгармаларда Хемингуэй II Дүйнөлүк согушта кабарчы катары катышкандыгы тууралуу жазылган. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган аңгемелерде согуш учурундагы мурда кийин коомчулукка белгилүү болбогон кызыктуу жана таң каларлык фактылар чагылдырылган.

Эрнест Хемингуэй 1899-жылы 21-июлда Чикагонун жанындагы Оук-Парк деген чакан шаарчада дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын дүйнөлүк адабий даңкы 1926-жылы жарыяланган "Күн да чыгат " ("Фиеста") деген биринчи романынан улам башталган. Ошондой эле "Эркектер аялдары жок", "Жеңүүчү эч нерсеге ээ болбойт" аттуу чыгармалары жазуучуну окурмандар арасындагы кыскача аңгемелердин мыкты автору катары тааныткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: