super.kg logo
  Саясат  

"Төгүндөө жана 1 миллион сом". Байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев депутат Рыскелди Момбековду сотко берет

 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду сотко бергени жатат. Бул тууралуу Шаршембиевдин өкүлдөрү билдиришти.

Маалым болгондой, сотко арызданууга Момбековдун "Шаршембиев 8 кылмыш иши боюнча фигурант" деп айтканы себеп болду. "Депутаттын бул билдирүүсү бир нече маалымат каражаттарына чыккан. Жарыяланган маалыматтарда Бакыт Шаршембиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилүүдө. Адвокаттар бул маалыматтар чындыкка дал келбейт деп таанууну соттон суранышмакчы.

Мындан тышкары алар соттун чечими чыккандан кийин 10 күндүн ичинде депутат Момбековдон айткан сөзүн төгүндөөнү талап кылат. Ошондой эле адвокаттар Момбеков Шаршембиевге моралдык зыян келтиргени үчүн компенсация катары 1 миллион сом төлөп бериш керек деген талабын келтирет", - дешти Шаршембиевдин өкүлдөрү.

Буга чейин 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" тууралуу пикирин айтып жатып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев боюнча сүйлөгөн. "Шаршембиевди кызматка алып келгенде, "5 кылмыш иши бар" десем ушак дегенсиңер. Мен жакында анын 9 кылмыш иши бар экени боюнча маалымат алдым. Мен жакында өлкө башчыга да, өкмөт башчыга да ушул козголгон кылмыш иштер боюнча маалыматты берем” деген Момбеков.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: