Жайыл районунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам ар кандай жаракаттарды алышты
Жайыл районунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 168-чакырымында (Париж тилкеси) орун алган. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада 1 эркек жана 1 аял киши алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми дагы 1 эркек жана 1 аял ар кандай жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, унаадан каза болгон адамдардын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rafo80

23.10.2018. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өкүнүчтүү, жаткан жери жайлуу болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.