super.kg logo

Бишкекте "улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеолорду тараткан" деген шек менен Баткендин тургуну кармалды

 

Бишкекте "улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан" деген шек менен Баткендин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"22-октябрда УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам изилдөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылы туулган Баткен облусунун А.А. аттуу тургуну кармалды. Кармалган адам WhatsApp тиркемесинде 100 адам катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталды. Такталган маалымат боюнча, ал 2010-жылкы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабагандыгы үчүн, кечирим суратканы тартылган 8 жыл мурунку видеороликтерди жайылткан. Азыркы убакта кармалган адам материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин моюнуна алды. Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн УКМКнын тергөө органдарына жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.

УКМК тарабынан провокациялык мүнөздөгү материалдарды даярдап жана жайылтууну аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.

Маалымат үчүн: Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык, улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете жарандарды динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле интернет тармагын пайдалануу жолу менен жасалса, 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.10.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эээ ушу келип келип видео жуктогонду кармаганын. Эээ УКМК уялсанар боло келип келип ошол баланы кармап азыр бардык кыргыздардын каны кайнап журот ошол июн ьокуясына. Миллиондогон долларларды жеген акмактарды кармабайсынарбы. Садыр Жапаров жок жерден турмодо олтурат. Ушинтип адамдын кыдырына озунор тийипаласынар да уят уят уят эле.
23.10.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Fanatic,Сиз ал видеону көргөнүңүздө минтип айтпайт болчусуз! Ал видеодо Кыргыз баланы бийлетип, уруп-согуп, кыргыздардын намысына шек келтирген сөздөр бар болчу!

P.S УКМК туура эле кылды. Ал адамды ошол видеосу үчүн кеминде 1 жыл күчөтүлгөн тартипте абакта кармоо керек!!!
23.10.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Быйыл болгон окуя окшойт деп менин да каным кайнап баштады эле! Жакшы эски видео экен! Россияда болгон окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: