super.kg logo

Башкы штаб: "Эки колунан ажыраган жоокерге протез качан салынары азырынча белгисиз"

 
Майлуу-Суудагы №30295-аскердик бөлүктө кызмат өтөө учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез качан салынары белгисиз. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, алгач Сапарбаевдин колун түштүк кореялык дарыгер көрүшү керек. Андан соң дарыгер протезди качан салууга болорун айтат.
"Башкы штаб бир эле жаңы электр протезин сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал эми экинчи протезди алуу тууралуу сүйлөшүүлөр дагы эле жүрүп жатат. Азыркы тапта Сапарбаевди көрө турган дарыгер чет өлкөдө. Ал жакынкы күндөрү келип бейтапты көрөт", - деп билдирди маалымат кызматы.
Айта кетсек, 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: