Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат



Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат. Ага 40ка чукул өлкөдөн 300дөн ашуун эксперттер катышып жатат. Бүгүн башталган форум 26-октябрга чейин уланат.
Бул аралыкта өткөн иш-чараларда эксперттер климаттын өзгөрүүсү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу жана жаңы жаралган маселелер менен сунуштарды талкуулашат.
Форумдун расмий ачылышында Уганда, Чили, Ооганстан, Швейцариядан келген делегаттар сөз сүйлөп жатышат. Алар климаттын өзгөрүүсү элдин жашоо-шартына терс таасир берип жатканын, аны чечүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керектигин белгилеп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.