super.kg logo

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы: "Бакыт Шаршембиев эч бир кылмыш ишке фигурант эмес"

 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев эч бир кылмыш ишке фигурант эмес. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан (Каржы полициясы) кабарлашты.

Аталган мекеме өндүрүштөгү кылмыш иштерди иликтеп көрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтып чыккан Бакыт Шаршембиев 8 кылмыш ишинин фигуранты деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти.

"Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери турат, алар боюнча Бакыт Шаршембиев күбө статусуна ээ, бирок эч кандай фигурант эмес. Аталган адамга карата түздөн-түз козголгон кылмыш иши жок”, - деди маалымат катчы.

Эл өкүлү айтып чыккан маалыматтар Бакыт Шаршембиевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилүүдө деп, анын адвокаттары Рыскелди Момбековду сотко берерин маалымдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйкаштырып эле тантырап сүйлөй бербей далил болсо айтыш керек болчу Момбеков кара пиар жасаганга уста экен.Сотко берип туура кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: