super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Кыргызстанда таза шайлоо өткөн сайын БШКнын төрагасы кызматтан кетет"

 
"Кыргызстанда таза шайлоо өткөн сайын БШКнын төрагасын кызматтан алып коюшат". Мындай пикирди бүгүн ЖКда депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Депутат азыркы БШКны иштен кетирип, жаңыдан түзүп чыкпаса болбой турганын айтты. Анткени аларга сын-пикир абдан көп. "Кыргызстанда эң таза шайлоо 1995-жылы болгон, көп өтпөй президент Аскар Акаев БШКнын жетекчисин алмаштырган. 2010-жылы да таза шайлоо өтүп, анда да өз ишин жакшы аткарып, калыс иштеген БШКнын төрагасы Акылбек Сариевди кызматтан алып, ордуна Туйгунаалы Абдраимовду алып келди. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо аяктагандан кийин азыркы БШКны кетирели да, жаңысын шайлайлы. Бул жол менен кете берсек болбойт",- деди эл өкүлү.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: