Чүйдө эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, айдоочулар ар кандай жаракаттарды алышты
Чүй облусунун Москва районунда эки оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, айдоочулар оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 34-чакырымында (Садовое айылында) орун алган. Анда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен КамАЗ оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен унаалардын айдоочулары ар кандай жаракаттарды алышкан. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, айдоочуларды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.