super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сулайманов акыйкатчыдан Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу сурады

 

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу сурады.

"Кытайда абал оор болуп жатат. Ал жакта башка улуттарды, мусулмандарды атайын лагерлерге жөнөтүп жатыптыр. Кыргыздар да лагерлерде жабыркап жатат. Бул боюнча сиздин кандай маалыматыңыз бар?" - деп депутат акыйкатчы Токон Мамытовдон сурады.

Токон Мамытов: "Ушул жылдын июнунда бир иш-чара менен Кытайга баргам. Ошондо аталган маселе боюнча партиясынын башчыларынан сурагам. Алар казактар, уйгурлар менен маселе жаралып жатат дешкен. Бирок кыргыздар менен маселе жаралганы каттала элек деп айтышкан. Балким, андан бери кырдаал өзгөргөндүр. Кытай тарап менен бул багытта иштешкенге аракет кылабыз", - деди акыйкатчы.

Учурда парламенттик комитетте Акыйкатчы институнун 2016-2017-жылдагы иштери боюнча маалымат талкууланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: