super.kg logo

Москвадагы ооруканада өтө оор абалда жаткан Кыргыз жарандын туугандары изделүүдө. Дарыгерлер ага жардам берүүнү токтотушу мүмкүн

 

Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын туугандары изделүүдө. Ал башынан алган жаракатынан улам эс-тутуму начарлап кеткен. Эгерде жакындары табылбаса кымбат дарыларды саюу токтотула турганын SUPER.KG'ге аталган ооруканада иштеген Элмира аттуу Кыргыз жараны кабарлады.

Анын айтымында, сүрөттөгү адамдын аты-жөнү белгисиз жана эки жарым айдан бери дарыланып жатат.

"Мен ушул ооруканада иштейм. Нейрохирургия бөлүмүндө иштеген кыргыз кыздар бул окуя тууралуу көп айтышчу. Ал ооруканада эки жарым айдан бери дарыланып жатат. Башынан оор жаракат алгандыктан эс-тутуму начарлаган. Аты-жөнү ким экенин, кайсы жактан, эмне болуп келгени да эсинде жок. Учурда моюнунан түтүк чыгарылган абалда жатат, ошол түтүк аркылуу дем алат. Сүйлөй албайт, бир нерсени түшүндүргүсү келет, бирок алы келбейт. Бир жолу Талас облусунан экенин жана 1 баласы бар экенин айткан экен. Бирок кийин аны да эстей албай калган. Ага кымбат дары-дармектер колдонулат экен. Учурда дарыгерлер дары берүүнү токтотууну кароодо. Жакынкы убакыт аралыгында туугандары табылбаса, ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн", - деди оорукана кызматкери.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
23.10.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакындары табылып калса экен
23.10.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эхх адам омуру акчага байланып калганы окунучтуу. Кымбат дары-дармекти токтотуп койсо эмне болот? Олуп калсачы.
23.10.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах шыфа бересин, эл башкарган азаматтарга ыйман берип, элибиз онугуп кор тириликтин айынан жургон туугандарыбыз ата энесинин,балдарынын мандайына аман эсен кайтып келишсе экен
23.10.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Табылып калса экен туугандары
23.10.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кантип тууган уругу кыжаалат болуп издебеди экен.кудайым шыпаа берсин
23.10.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу Эльмира айым жана ошол жерде иштеген кыргыз кыз-келиндер азамат экенсинер, ушунча убакыттан бери унчукпай жургонунорго! Мен ойлойм тез аранын ичинде туугандары табылат деп!
23.10.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин элчилик эмне кылып атат?! Колунда бар азаматтар жардам берип койгулачы,байкушка боорум ооруп атат,колдо жок да же болбосо......!? Байкушту жалдыратпай оз жерибизге алып келип караш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: