super.kg logo

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги: "Мөңгүлөрдүн көлөмү азаюуда"

 

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат. Ага катышып жаткан Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов журналисттерге Кыргыз өлкөсүндө мөңгүлөрдүн көлөмү азайып жатканын билдирди. Бирок мөңгүнүн көлөмү канча пайызга азайып жатканын билүү үчүн атайын анализдер жок экенин айтты.

"Кыргыз жеринде 4-Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат. Форумдун максаты - биринчи кезекте климатта өзгөрүү болуп жатканын, тоо биздин жашообуз экенин, климатты сактоо боюнча бүткүл өлкөгө жеткирүү болуп саналат. Кыргыз жеринде да мөңгүнүн көлөмү азайды, аны жашырууга болбойт. 50 жыл аралыгында 30 пайызга азайып кетти деп жатышат. Канча көлөмгө азайып жатканын билүү үчүн анализдерге таянуу зарыл. Ал анализдер азырынча жасала элек. Жакында Google картасы аркылуу караганыбызда мөңгүлөрдүн этектери жок болуп кеткенин көрдүк ", - деди Рустамов.

Бүгүн расмий ачылышы болгон форумга 40ка чукул өлкөдөн 300дөн ашуун эксперттер катышып жатат. Алар 26-октябрга чейин Бишкекте болуп, климаттын өзгөрүүсү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу жана жаңы жаралган маселелер менен сунуштарды талкуулашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мөңгүнүн азайышына Арал деңизинин соолуп калганы көп таасир берип жатат себеби туздун чаңдары шамал менен абага көтөрүлүп мөңгүлөрдү ээритип жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: