super.kg logo

Сауд Арабиялык журналист Жамал Хашоггинин жансыз денеси Стамбулдагы консулдуктун аймагындагы кудуктан табылды

 

Дайынсыз жоголгон сауд арабиялык журналист Жамал Хашоггинин жансыз денеси Стамбулдагы башкы консулдуктун резиденциясынын аймагындагы кудуктан табылды. Бул тууралуу түркиялык "Мекен" партиясынын лидери Досу Перинчек билдирген.

"Мага Стамбулдун укук коргоо органдарында иштеген ишенимдүү булактар Хашоггинин денеси резиденциянын бакчасындагы кудуктан табылгандыгы тууралуу билдиришти", - деген Перинчек.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган журналисттин өлүмү алдын ала пландалганын айтып билдирүү жасаганын чет элдик басылмалар жазышты. Ал өз сөзүндө Стамбулдагы консулдукта болгон операцияны ырайымсыз окуя катары атап, Сауд Арабиядан өлтүрүүгө ким буйрук бергенин аныктоону талап кылган. Ошону менен бирге тергөө иштери жана сот Стамбулда өтүшү керектигин айткан.

Буга чейин араб журналисти Жамал Хашогги Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Арабиянын башкы консулдугунун имаратына кирип, ошол бойдон дайынсыз жоголгону айтылган. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.10.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына арабдардын мээримдүүлүгү
23.10.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арабтар канчалык ХХХХХХХХ экени корунуп калды. Биздин динчилдер арабтарды озунчо эле кудай коруп алышат. Анан дагы динге жамынып алышып арабтардын каада салтын жайылтып жатышканы андан бетер кыжырды келитишет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-24 09:46:28
23.10.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Светтик радикалдашкан фанаттар токтоткула.
KyrgyzstanBishkek түзөттү 2018-10-23 16:14:21
23.10.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арабтардын жолуна тушпойлук кыргыздар. Кыргыздарды арабташтыруу саясатын арабтар жургузуп жатышат. Негизи ислам дини арабтардын каада салтын, тилин, кийген кийимдерин даназалап ж.б саясий кызыкчылыгына таянып иштелип чыккан идеялогия экенине ишендим.
yrmat88 түзөттү 2018-10-23 16:26:00
23.10.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде мусулманчылык бар деп эле ислам фанаты болуп, арабтардын, пакистандын жашоосун туурап кереги жок. Биздин диний кызматкерлер атайлап арабтардын саясатын жургузуп жатышат. Арабтар кандай жашаса, кыргыздар да ошондой жашаш керек деген саясатты жургузуп жатасынар диний кызматкерлер. Ички дуйнобуз арабтардын кулуна айланып калса, анда бутту шарият мамлекетин курабыз деген сакалчандар четтен чыгышат.
filis түзөттү 2018-10-23 17:04:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: