super.kg logo

Депутаттар тендердик тартипти жоюп салууну сунушташууда

 

"Мамлекеттик сатып алуулар баарын кыйнап жатат. Кызматкерлериңер коркуп, айта албайт экен. Бизге тендердин кереги жок", - деди тармактык комитеттин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев.

Ал тендерди жоюп салууну сунуштады.

Депутат Экмат Байпакбаев да Рыспаевдин демилгесин колдоду.

"Кышка даярдыкты ким алып барат? Кайсы мекеме жооптуу? ЖЭБде 1950-жылы курулган суу чыгаруучу канал бар. Анын кубаттуулуугу чектелүү. Эми ага эки эсе күч келет. Ал мындай басымга чыдайбы? Эртең кышта маселе чыгарбайбы? Биздин көмүр кымбатыраак экен. Эсептеп көрдүм. Ага көп акча кетет экен. Бирок Казакстандын көмүрүн тендерсиз эле түз сатып албайлыбы. Бул каражат насыя эмес, элдин акчасы да. Келгиле, ушул мыйзамыбызга өзгөртүү киргизип, каражатты үнөмдөйлү", - деди Байпакбаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тендер тартиби мурдатан бери эле сырттан карыз алынганда келип чыккан.

"Биз да тендер боюнча аракет кылып жатабыз. Премьер-министр менен сүйлөштүк. Тендердин кантип келип чыкканын билесиздер. Карыз алып жатканда биз тендер өткөрүүгө мажбур болуп жатабыз", - деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: