super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Каракол шаарындагы 20 үй-бүлө жашаган жаңы конушка кышка чейин электр энергиясы киргизилет

 
Каракол шаарындагы жаңы конуштардын бири (конушка ат коюла элек) кышка чейин электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев маалымдады. Каракол шаарындагы аэропортунун жанында жайгашкан жаңы конуштун жашоочулары кышка чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн  өкмөттүн өкүлү тийиштүү түзүмдөргө жана Каракол шаарынын мэрине тапшырмаларды берди. "Бул жаңы конушка жол куруп, суу киргизүү керек. Бирок алгач кыш келгенге чейин электр линияларын тартуу зарыл",- деди облус башчысы. Кошумчалай кетсек, аталган жаңы конушта азыр 20дай үй-бүлө жашайт .  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: