super.kg logo

Кызыл-Кыяда кайната-кайненесин балта менен чаап качып кеткен жаран изделүүдө

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эки адам ооруканага жеткирилди. Алардын жаракаты балтадан болгон жана бул кылмышка күйөө баласы шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда саат 04:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын дарыгери ушул эле шаардын Жинжиген айылынын тургундары 62 жаштагы аял жана анын 69 жаштагы күйөөсү денесинен жаракат алып, бейтапканага жаткырылганын кабарлаган.

"23-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча иликтөө жүрүп, шектүү катары 26 жаштагы күйөө баласы изделүүдө. Ал жаран жабырлануучулардын кызына үйлөнгөн соң, алардын үйүндө жашап жүргөн. Бирок ал спирт ичимдигин көп ичкендиктен окуядан 5-6 күн мурун кайнатасы аны үйдөн кууп жиберген. Мындан улам ал өч алуу максатында жогорудагы кылмышка баргандыгы аныкталган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Учурда шектүү изделип жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.10.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынакей кыргыз эркектеринин абалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: