Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Балбан Айпери Медет кызы алгачкы беттешинде жеңилип калды
Бүгүн, 23-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-мелдеш күнү өтүүдө. Анда кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Айпери Медет кызы чыкты.
Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде 1/16 финалда кытайлык Палиха Палиха менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы алгачкы болуп 1 упайга ээ болуп, андан соң кыймыл жасабай 2 упай атаандашына ыйгарылып калды. Мындан улам Айпери Медет кызы упай алганга жетишпей калып, 1:2 эсеби менен кытайлык балбан жеңишке жетти.
Муну менен Палиха Палиха жарым чейрек финалга өтүп, ал финалга чыкса Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.