super.kg logo

Канадада баңгизатты мыйзамдуу сатууга уруксат берилгенден кийин сатыктагы марихуана 2 күндө эле түгөндү

 

Канадада баңгизатты мыйзамдуу сатууга уруксат берилгенден кийин сатыктагы марихуана 2 күндө эле түгөндү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Марихуананы мыйзамдаштыруу программасынын жетекчиси Билл Блэр мамлекет элдин муктаждыгын канааттандыра албай калганын билдирген. Баңгизатты саткан дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөрдүн узун тизмеги пайда болуп, көпчүлүккө баңгизат жетпей калгандыктан, полиция кызматкерлери абалды көзөмөлдөп турушкан.

Баңгизат кайрадан сатыкка качан келери азырынча белгисиз.

Айта кетсек,17-октябрда Канадада жашы жеткендерге белгилүү өлчөмдөгү марихуананы сактоого, өстүрүүгө жана колдонууга уруксат берген мыйзам күчүнө кирген. Ошол эле күнү өлкө боюнча баңгизатты саткан 111 расмий дүкөн ачылган.

Мыйзамга ылайык, 30 граммга чейинки өлчөмдөгү баңгизатты алууга жана 4 түп марихуана өстүрүүгө уруксат берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
23.10.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Биздики качан мыйзамдаштырат!эгер мыйзамдаштысак элибиз өнүгүп,туристер көбөйүп калат беле деймда
24.10.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бангизатты мыйзамдаштыруу деген элдин келечегине балта чабуу деген соз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: