Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандар жок
Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы билдирди.
Анын айтымында, айыл тургундары көчкү түшүү коркунучу бар экенин билип, алдын ала даяр болушкан.
"Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип, көчкү түшүү коркунучу бар аймакты белгилеп кеткен. Ал аймакка жакын турган жашоочулар көчүрүлгөн. Көчкүдөн жабыркагандар болгон жок", - деди айыл өкмөт башчысы.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-октябрда саат 11:30да Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында жер көчкү жүргөнүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирген.
Сузакта жер көчкү түштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.