super.kg logo

Швейцария элчилигинин миссия башчысынын орун басары: "Кыргыз-Казак ортосундагы суу маселесин дүйнөлүк коомчулуктун талкуусуна коюу керек"

 

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы суу маселесин дүйнөлүк коомчулуктун талкуусуна коюу керек. Мындай пикирин Швейцариянын Кыргыз жериндеги элчилигинин миссия башчысынын орун басары Даниель Мевли Монтелеон Бишкекте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк тоо форумунда билдирди. Анын айтымында, эки өлкөсүнүн суу боюнча чечилбей жаткан маселеси карапайым элге кыйынчылык жаратууда.

"Көпчүлүк Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышын Швейцариянын жаратылышына окшоштуруп келишет. Албетте, эки өлкөнүн ортосунда окшоштук - тоолор. Тоо, суу - бул биздин кызматташуубуздун ачкычы.

Азыр Орто Азияда жыл сайын мөңгүлөр 1 пайызга азайып, тенденция уланууда. Ошол эле учурда бул маселе менен активдүү күрөшүүнү улантып келишүүдө. Швейцария сыртта карап турбай бир нече жыл мурун баштаган "Жашыл доор" долбоорунун негизинде мөңгүнү сактоо жана тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү маселесин колго алууда", - деди Даниель Мевли Монтелеон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусундагы Киров суу сактагычындагы маселени көтөрүп, андагы сууну Казакстан акысыз бербей, сатуу керектигин сунуштаган. Киров суу сактагычындагы суунун 90 пайызга жакынын Казакстан, калганын Талас облусунун Манас району пайдаланып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.10.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстаным, мекеним жөнүндө эч качан жаман кабар окугум келбейт, жөн гана аттап барактап башкага өтүп кетем. Мекеним өнүгүп биз да алдыңкы мамлекеттерге кошулабыз деген үмүтүм чоң. Колумдан келсе, суусун, ташын, топурагын, абасын баарын корумакмын, бирок тилеке каршы.... Бизде канчалаган таланттуу, онорлуу жакшы адамдар көп, баары чогулса мамлекетибизди эң сонун кылып өнүктүргонго эмнеге болбойт эле. А биз көпчүлүгүбуз кара курсактын айынан ар кайсы жакта жүрөбүз, ойлогондо жүрөгүм ооруйт ((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: