super.kg logo

Бишкекте кичи автобус сүзүп кеткен инспектор эртең ишке чыгат, айдоочуга айып пул салынат

 

Бишкекте инспекторду сүзүп кеткен кичи автобустун айдоочусуна айып пул салынат. Дарыгерлер жумушка чыгууга уруксат бергендиктен инспектор эртең, 24-октябрда ишке киришет. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы ырастады.

Белгилүү болгондой кырсык боюнча материалдар тергелип сотко өткөн. Административдик кодекстин "транспорт каражатынын айдоочусунун авариялык кырдаалды түзүүгө алып келген Жол кыймылынын эрежелерин бузушу" беренеси боюнча айдоочуга 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салынып, айдоочулук күбөлүгү алынат.

"Инспектор жеңил жаракат алганы үчүн соттун чечими да жеңил болуп калат. Инспектордун баш мээси чайкалган, бирок ал өзүн жакшы сезип жатканы үчүн дарыгерлердин уруксаты менен ишке чыга турган болду", - деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын маалымат кызматы.

Эске салсак, 1-октябрда Чүй кең көчөсүнөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерди унаа сүзүп кеткен. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспектор жөө адамдар өтүүчү тилкеден эки окуучуну өткөрүп жаткан учурда жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келип сүзүп кеткен. Бактыга жараша, эки окуучу жолдун аркы өйүзүнө өтүп жетишип калышкан. Ал эми жаракат алган кызматкерди "Тез жардам" кызматы Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: