super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Атамбаев качып кетсе тирүүлөй өлүккө айланат”

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикири төмөндөгүдөй болду.

“Менин оюмча, Атамбаев өлкөгө кайтып келет. Ал качпайт. Анткени качып кетсе, тирүүлөй өлүккө айланат. Ошондуктан өзү айткандай, түрмөгө отурарын билсе дагы бул жакка келиши керек. Эгерде качып кетсе, чыккынчы катары эсте калат. Качып жүрүү түрмөдө отургандан да жаман. Анын өлкөгө кайтканы өзүнө оң болот”, - деген пикирде Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Тазабек Икрамов, саясат таануучу Марс Сариев, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: