super.kg logo

Ысык-Көлдө диний көз караштан улам сабалды делген 25 жаштагы жарандын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

 

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында 25 жаштагы жаран диний көз караштан улам сабалды делген окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козголду. Учурда соттук-медициналык экспетизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 16-октябрда Ысык-Көл РИИБине Кароол-Дөбө айылынын 25 жаштагы Элдос аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда таякесинин Тамчы айылындагы үйүн убактылуу карап, жашап жатканда 16-октябрга караган түнү үч жаран аны сыртка чакырып алып сабап салганын көрсөткөн. Өзүнүн айтымында, түнкү саат 2лер чамасында телефонун колонкага улап алып музыка угуп жаткан учурда Заманбек, Алеш жана белгисиз бир адам мас абалында келип сыртка чакырышкан. Сыртка чыккандан кийин музыканын үнүн катуу коюп алып угуп жатканы үчүн сабашкан. Бирок жакындары айрым ЖМКларга алар Элдосту "эмнеге сен өз Кудайың тууралуу музыка угуп жатасың, ислам динин кабыл алып, келме келтир" деп сабап койгонун айтышкан. Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБи 25 жаштагы жарандын диний көз караштан улам сабалганы боюнча маалымат жалган деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: