super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулу Ахметованын ордуна Данияр Иманалиев дайындалды (өмүр баяны)

 

Данияр Иманалиев президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Аталган кызматта буга чейин Нурсулу Ахметова иштеп келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан 19-октябрда бошотулган.

Данияр Иманалиевдин өмүр баяны

Ал 1980-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында туулган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин ишканалардын экономикасы адистиги боюнча аяктаган.

2004-жылы өкмөткө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин адиси;

2004-2006-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаштар иши боюнча комитетинин координатору;

2006-жылы Каржы министрлигинин бюджеттик саясатты башкаруунун орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

2007-жылы Каржы министрлигинин саясатты иштеп чыгуу тобунун бюджеттик маселелер боюнча эксперти;

2009-жылы Каржы министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын сектор башчысы;

2009-2010-жылдары Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттиги, бюджеттик кызматынын эксперти;

2012-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;

2014-жылы өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;

2014-2015-жылдары аталган бөлүмдүн сектор башчысы;

2015-2018-жылдары экономика министринин орун басары;

2018-жылдын май айынан тарта өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: