super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Унаа жарышына катышкан айдоочу жол четинде турган унааларды сүздү. Жарышка түшкөн экинчи унаанын айдоочусу качып кетти" дейт окурман

 

24-октябрга караган түнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жол кырсыгы болду. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Хюндай Гетц үлгүсүндөгү унаа менен Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жарыш уюштурушкан. Анын кесепетинен Хюндай Гетц Субару менен Хонда унааларын сүздү. Хюндай андан кийин Дэу Ланос унаасынын бамперине дагы тийип өткөн. Хонда такси унаасы болгон. Дэу Ланос жол четинде турган. Ал эми Субару жаңы гана ордунан жылып жаткан. Жарышка түшкөн экинчи унаа Ниссандын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетти. Кырсыктан Хюндайдын айдоочусу жана 3 жүргүнчү жаракат алды. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кетти. Күбөлөр Хюндай унаасынын ичиндегилер мас абалда болгонун айтып жатышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2018. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейин эми болоору болуптур каныптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: