super.kg logo

Жол кырсыгынан кийинки урушта башынан жаракат алып каза болгон чиновниктин уулу: "Атамды сабап салгандар жазадан качууга аракет кылып жатышат"

 

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгынан кийинки урушта башынан жаракат алып каза болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган эки адам жазадан качууга аракеттенип жатканын маркумдун уулу Азирет Жакыпбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал окуянын күбөлөрү же жолдон өтүп бара жатканда көргөндөрдүн маалымат бөлүшүүсүн өтүнгөн.

Эске салсак, кырсык 21-октябрь күнү саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Менин ата-энем Тойота Камри унаасында болушкан. Аларды Лексус үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн. Эки унаа тең токтогондо алдын ала маалыматтар боюнча эки адам атамды унаасынан чыгарып сабай башташкан. Анын кесепетинен атам ошол жерден көз жумган. Экспертизанын жыйынтыгында атамдын башында жаракаты бар экени аныкталды. Сабагандар качууга аракет кылып жатышканда кармалышкан. Алардын мас экендиги аныкталган. Азыркы тапта жазаны жеңилдетүү, жазадан качуу амалында кармалгандар атамдын өзү жыгылып кеткенин айтып жатышат", - деп жазат Азирет Жакыпбаев.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
24.10.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге эки адам уруп атса озу жыгылып кетмек беле, жазасын алсын 9жылдан 18 жыл. Лексус минсе эле тартип болбош керекпи ичип алып!!!
25.10.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76 группой лиц болсо 6 жылдан 10ж кетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: