super.kg logo

"Сиз калп айтпаңыз!" Төрага Дастанбек Жумабеков чиновникти сынга алды

 

Дастанбек Жумабеков“Үрөн департаменти иштебей эле бюджеттен акчасын коротуп жатат". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламент жыйынында билдирди.

Төрага айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевди "калп айтпаңыз" деп сынга алды.

Жаныбек КерималиевЖумабеков Керималиевден "элге силердин департамент жаңы үрөндөрдү ойлоп таап, тараттыбы" деп сурады. "Биздин департамент сунуштаган үрөндөрдү дыйкандар албай жатат" деп жооп берди министрдин орун басары.

Төрага Үрөн департаменти өз ишин аткара албай жатканын эскертти. "Кайсы элге кайсы урукту сунуштап жатасыз? Эл алган жок үрөндү? Бул департаменттин иши начар болуп жатат. Эл өзү билип, сырттан көчөттөрдү алып келип өздөрү аракет кылып жатат. Сиз калп айтпаңыз. Биринчи далилдеп анан келиңиз. Департамент бюджетти максатсыз эле коротуп жатат", - деди Жумабеков.

Учурда парламентте үрөн жөнүндө мыйзам талкууланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: