ЖЫЛНААМА, 24-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов 30 жашка чыкты

Үч жогорку билими бар.
2011-жылы "Каржы жана насыя" адистиги боюнча Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" деген адистигин алган.
2014-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 2003-жылы Балыкчы шаарындагы “Көк-Ойрок” Балыкчы ликер-арак заводунда адис болуп иштөөдөн баштаган;
2005-2006-жылдары “Альфа Ширсфилд Аудит” компаниясынын Кардарларды тартуу бөлүмүндө адис болуп иштеген;

2007-2008-жылдары – “Арвин” компаниясынын Сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер;
2008-жылы – “Тар-Суу” компаниясында аткаруучу директор;
2008-2011-жылдары – "Кыргыз агро-түлүк корпорациясынын” генералдык директорунун жардамчысы, сапаттарды сактоо жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси, тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси, маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси;
2011-2013-жылдары – “Манас” Эл аралык аэропорту” ишканасынын башкармалыгынын мүчөсү, президенттин жардамчысы;
2013-2014-жылдары – “Gold King Plus” ишканасынын генералдык директору;
2014-2015-жылдары Кемин цемент заводунун “ZETH Cement” компаниясынын аткаруучу директору; “Шанфэн ЗЭТ Цемент” компаниясынын жалпы суроолор боюнча генералдык директордун орун басары болгон.
2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.
Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

