super.kg logo

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги көрсөтүлөт

 

"Өкмөт эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча расмий сунушту дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке жиберет". Мындай маалыматты SUPER.KG порталына парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов билдирди.

Икрамовдун айтымында, Кочкоровго кошо дагы бир талапкердин сунушу келип түшөрү күтүлүүдө.

Улукбек Кочкоров 1974-жылы туулган. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең буга чейин кызматтан кеткен. Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө жасаган сапарларынан улам кызматтан кетсе, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарындагы учактагы окуясынан улам иштен алынган. Ал эми үчүнчү орун басары Жылдыз Полотова өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Буга чейин "Кыргызстан" фракциясы аталган кызматка 3 талапкерди сунуштаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(7)
24.10.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым колдоп шайланып кал Улукбек байке миистр болуп озгортсо бир сен озгортосун биздин олкону биз мигрант болуп чачадык он беш жылдан бери.
24.10.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн жакшы
24.10.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Болсун болсун Кочкоровду колдоп бергиле эми Урматтуу Депутаттар жаны коз караш жаны дем менен иштеп берсин качанга чейин эле баягыле бийликте иштеп жургондорду алып келе беребиз.мисалы Токон Мамытовго окшогондорду.
24.10.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай суйунуп жатам угуп алып , Аллахым озу колдосун.
24.10.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улукбектей чынчыл, мекенчил адам башкарыш керек да. Откорбой калышты го, бийлик иштей турган адамдарды эмес, марионеткаларды жакшы корот да. Эл жон эле шайлоодо керек эле ундор да.
24.10.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштей турган мырза жигит
24.10.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үмүтүбүз чоң ушул жигиттен, эми элдин үмүтүн актап жакшы иштеп бер. Биринчиден депутаттар колдоп шайланып калсын анан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: