super.kg logo

Чиновник "Өлкөдөгү эгин талааларын зыянкеч жандыктардан арылтууга 10 трактор жана 15 унаа жетиштүү" дейт

 

Эгин талааларындагы өсүмдүктөрдү чегиртке жана башка зыяндуу заттардан коргоо үчүн Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинде 10 трактор, 15 Тойота Хайлюкс унаасы бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев депутат Талант Мамытовдун суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал жогорудагы техникалар дыйкандардын кыйынчылыгын жоюу үчүн жетиштүү экенин белгиледи. Быйыл чегиртке жылдагыдан көп чыкты, бирок 10 “Беларусь” трактору жана 15 Тойота Хайлюкс унаасынын күчү менен өлкө боюнча айдоо аянттарындагы чегирткелерди жок кылууга жетише алдык”, - деди чиновник.

Депутат Талант Мамытов санап өткөн техникалар менен айдоо аянтындагы көйгөйлөрдү жок кылуу мүмкүн эмес экенин айтып, бул боюнча комиссия түзүлүшү керек экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: