super.kg logo
  Саясат  

Мьянма: Өлкөгө турист тартуунун жаңы ыкмасы - жаман аба ырайы үчүн эс алуучуларга бекер сыра таратылат

 

Мьянма бийлиги өлкөгө туристтердин көп келиши үчүн ар бир жамгыр жааган күнү эс алуучуларга бекер сыра же шире таратуу чечимин кабыл алышты. 30-сентябрдан баштап аталган өлкөдө эс алып жүргөн ар бир бойго жеткен турист жамгыр жааган күндөрү 0,6 литр өлчөмүндөгү 2 бөтөлкө сыра же шире ала алышат. Бирок бул үчүн жамгыр 10 мүнөттөн ашык жаашы керек. Муну менен Мьянма бийлиги "Мьянмада күз айларында жамгыр көп жаайт" деген сөздүн айынан өлкөгө туристтердин күзүндө аз келип калышынын алдын алууга боло тургандыгын айтышууда. Туристтер бекер сыраны Баган, Мандалай жана Инле шаарларынын аймагынан ала алышат. Маалыматтар боюнча, Баган шаарында июль айынан сентябрга чейин дээрлик айдын 10 күнү жамгыр менен өтөт. Инле шаарында аталган аралыкта айдын 15 күнү жамгыр менен өтө тургандыгы айтылат. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: