Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган Азамат Жаманкулов: "Биз аскербиз. Каякка жиберсе ошол жерде иштей беребиз"
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 31 жаштагы Азамат Жаманкуловду маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунуштады. Ал буга чейин аталган министрликтин алдындагы Туризм департаментин жетектеп келген.
SUPER.KG порталы Жаманкуловго аталган маселе боюнча байланышканда, ал министр кызматына сунушталган жалгыз талапкер экенин айтты.
"Премьер-министрдин бул сунушу мага күтүүсүз болду. Менин маселем дүйшөмбү күнү парламенттик комитетте талкууланат. Учурда жаш кадрларды ишке тартуу саясаты жүрүп жатат. Биз аскер сыяктуубуз. Каякка жиберсе, ошол жерде иштей беребиз", - деди Жаманкулов.
Мурдагы министр Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.


Урмат Усонов да ат салышып журбоду беле