super.kg logo

Кыргызстандын “Чайка” тасмасы “Алтын өрүк” кинофестивалына катышат

 

Кыргызстандык режиссёр Елизавета Стишованын “Чайка” кыска метраждуу көркөм тасмасы 7-11-июль күндөрү Армениянын Ереван шаарында өтүүчү “Алтын өрүк” аттуу кинофестивалга чакырылды. Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынын басма сөз катчысы билдирди. Аталган тасма кыска убакыттын ичинде “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалынын баалуу сыйлыгына ээ боло алган. Тасмада мектеп программасында орус тилинин сакталып калышы үчүн күрөшкөн пенсиядагы орус тили мугалими жөнүндө баяндалган. Маалыматка ылайык, Европа жана Азиянын ар өлкөлөрүнүн кинематографисттерин чогулткан бул иш-чара батыш менен чыгыштын ортосундагы маданий баарлашуучу майдан болуп саналат. Жыл сайын өтүүчү бул фестивалга катышуу үчүн быйыл 1200 арыз түшүп, анын ичинен 200үнө  катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: