Хабиб Нурмагомедов дүйнөдөгү таасирдүү 500 мусулмандын катарына кирди

Эрежесиз уруш боюнча дүйнөнүн эң беделдүү - UFC уюмунун жеңил салмак чениндеги чемпиону Хабиб Нурмагомедов дүйнөдөгү 500 таасирдүү мусулмандардын катарына кирди. Аталган тизме Амманда падышалык ислам стратегиялык изилдөө борборунда түзүлгөн.
Орусиялык мушкер тизменин өзгөчө категориясына кирди, анда таасирдүү саясатчы, диний ишкер, көркөм өнөрдүн жана спорттун 76 өкүлү белгиленген. Тизмеде Нурмагомедовдун катарына египеттик футболчу Мохаммед Салах жана британиялык жөө күлүк Мо Фара кошулган.
Ошондой эле спорт категориясында футболчу Месут Озил, Зинедин Зидан жана Поль Погба кирген.
Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду утуп, UFC'нин жеңил салмак чениндеги чемпиондук курун утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жакшы болуптур.