super.kg logo

Кубанычбек Кулматов дагы бир айга камакта калды

 

Бүгүн, 24-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Жыйынтыгында сот анын камакта калуу мөөнөтүн дагы бир айга узартуу чечимин кабыл алганын SUPER.KG'ге жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.

"Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүбүздү сот бул ирет канааттандырат деп күткөнбүз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Чечимге ылайык, ал 20-ноябрга чейин тергөө абагында болот", - деди Слесарев.

Окуянын чоо-жайы:

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.

5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.


14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан.
Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: