Акыркы эки жылда 1 миң 500гө жакын соттук иш мөөнөтүнөн өтүп каралган
2016-2017-жылдары 1 миң 500гө жакын соттук иш мөөнөтүнөн өтүп каралган. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Акыйкатчынын айтымында, мөөнөтүнөн өтүп каралган соттук иштер адам укугун бузуу болуп саналат.
“Соттук иштердин кеч каралышына процесстерге катышкан адамдардын өз учурунда келбей калгандыгы башкы себеп болгон. Мындан сырткары убактылуу кармоочу жайларга камакка алынган адамдардын ар кандай себептрден улам көпкө кармалып калышы жана сот, прокуратура органдарынын эмгек өргүүсүнө чыгып кетишине байланыштуу болгон”, - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.