super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Икер Касильяс "Локомотивдерди" алмаштырып алып Ташкентке палоого чакыруу алды

 

"Порту" футболдук клубунун дарбазачысы Икер Касильяс өзүнүн интернеттеги баракчасына "Кызыл аянттан" түшкөн сүрөтүн киргизген.

Спортчу ал сүрөтүнө: "Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатканда телевидениеде убактылуу иштеп жаткам. Ошол жумуштан кийин бул кооз шаарды көрүү үчүн жана Чемпиондор Лигасында "Локомотив" футболдук клубуна каршы ойноо үчүн келдим" деген билдирүүсүн жазган. Ошону менен бирге эле ал ташкенттик "Локомотивдин" баракчасын белгилеп койгон.

Орусиялык футбол клубунун маалымат кызматы муну байкап сүрөттүн алдына "Сизди Москвадан көрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Бирок биздин расмий баракчабыз бул жакта" деген билдирүү жазып кетишкен.

Өз кезегинде өзбекстандык клуб дагы четте калбастан "Икер сени палоо күтүп жатат. Палоо борщко караганда жакшы, а биздин команда күчтүүрөөк" деген комментарий жазышкан.

Айта кетсек, "Локомотив" жана "Порту" футболдук клубдарынын беттеши 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.10.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дадилсиң го, бир ок менен эки коён атып...
24.10.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Respect., Дадили дадил го бирок, икер бир ок менен эки коёнду атып огу түгөнгөндө мылтык менен кууп жүрүп башка чааптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: