Кыргыз спортчулары Өзбекстанда кайык менен сүзүү боюнча Азия чемпиондугунда 2 медаль тагынышты





Кыргыз спортчулары Өзбекстанда өткөн кайык менен сүзүү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 2 медаль тагынышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Олег Роганов билдирди.
Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышып, алар 2 медаль утуп алганга үлгүрдү. Анда Эрлан Султангазиев менен Максим Сердитов 200 метр аралыктагы эки кишилик байдарка менен жарышта күмүш медалга ээ болсо, Вячеслав Солдатов менен Родион Туйгунов эки кишилик байдарка менен жарышта коло медалга ээ болду.
23 жашка чейинки спортчулар арасында өтө турган Азия чемпиондугу Өзбекстандын Самарканд шаарында 20-октябрда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.