super.kg logo

Депутат тергөө абактарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн жабыркагандар бар экенин айтты

 

"Тергөө абактарында канча адам отурат?" Мындай суроо менен депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды.

Мамытов аталган маселе боюнча так маалымат жок экенин айтып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан сураш керектигин билдирди.

"Экономикалык кылмыштар менен кармалган адамдардын баарын абактарга киргизе берген туура эмес. Мыйзамга ылайык, баш коргоо чарасын кароонун түрлөрү бар. Аларды акчасын күрөөгө койдуруп же үй камагына алып тергөө жүргүзсө болот да. Баарын эле тергөө абактарына киргизип салып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө салып берип коюп жатабыз”, - деди Жээнчороев.

Акыйкатчы да эл өкүлүнүн сунушун колдоп, шектүүнү тергөө абагына киргизүүдөн башка чараларды да карап чыгуу керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичип жеп анан качып кетип жатса камайтда андан көрө түрмөдө уй саагандай саадырыш керек буларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: